Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:47

Баткен: Зардалыда жарылуу болуп, эки бала каза тапты


Баткен облусунун Зардалы айылында жарылуу болуп, эки бала каза тапты. Төртөө ооруканада. Окуя 17-апрелде болгон. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, жарылуу “Коргон” чек ара заставасында болгон. 4-10 жаштагы алты бала аймактан белгисиз жарылуучу зат таап алып, аны менен ойноп жатканда жарылып кеткен. Бирөө ошол замат, экинчиси ооруканага жетип каза тапкан. Төрт бала учурда Баткен облустук ооруканасында дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Зардалы Кыргызстандын эң четки аймактарынын бири болуп саналат. (JsA/SE)

XS
SM
MD
LG