Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:21

Акыйкатчы өкүлү Түлеевдин абалы менен таанышууда


Бул тууралуу депутат Нариман Түлеевди коргоо комитетинин башчысы Бердибек Дайыров “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, учурда акыйкатчынын өкүлдөрү №47 абакка кирип, Түлеевдин абалы менен таанышууда. Андан соң абак жетекчилиги депутатты жакындары менен жолуктурууга убада берди.

Бүгүн №47 абактын алдында камактагы депутат Нариман Түлеевдин 100гө жакын тарапкери митинг өткөргөн. Алар абак жетекчилигинин Түлеевге карата басымын токтотууну талап кылган. Митингчилер бейшембиде абактын ооруканасында дарыланып жаткан Нариман Түлеевге түрмө кызматкерлери кирип, уруп-согуп, күч менен УКМКнын тергөө абагына которуу аракеттенгенин билдирди. Бирок УКМК жана Жаза аткаруу кызматы бул тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты. (BkA)

XS
SM
MD
LG