Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:44

Крымда журналисттер менен активисттер жоголду


Крымда Орусиянын аракеттерине каршылык көрсөткөн украиналык активисттер менен журналисттерден кеминде алты киши жоголгону кабарланууда. Крымдагы украиндер кеңешинин төрагасы Андрей Щекун, Симферополдогу украиндердин мектеп-гимназиясынын көмөкчүлөр кеңешинин директору Анатолий Ковальский жана Украинанын республикалык партиясынын регионалдык бөлүмүнүн башчысы Игорь Кирющенко Крым автономиялык республикасынын Орусияга кошулушуна каршы иштерге активдүү катышып келишти.

Булардан сырткары эки журналист жана “Автомайдан” активисттер тобунун бир өкүлүнөн Крымга кире бериште кармалган бойдон дайыны жок.

XS
SM
MD
LG