Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:18

Кызыл-Жар: ооруканадагы чатактан эки киши жабыркады


Кызыл-Жардагы психиатриялык ооруканада 17-февралда болгон чатактан улам эки медицина кызматкери ооруканага жатты. Алар Таш-Көмүр аймактык ооруканасында дарыланышууда. Абалдары туруктуу.

Ооруканада милиция тарабынан жүргүзүлгөн атайын операциянын негизинде жалпысынан 9 адам жабыркаган. Жети кишиге амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Бул тууралуу “Азаттыкка” Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Анарбек Алимахунов билдирди. Анын айтымында, учурда психиатриялык ооруканада абал тынч. Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева бүгүн аталган ооруканага барып, абал менен таанышып жүрөт.

Жалал-Абад облусундагы Кызыл-Жар психиатриялык ооруканасында милиция кызматкерлери жүргүзгөн атайын операциянын максаты - кайтарылган бөлүмдү тинтүү болгон. Операциянын жүрүшүндө бөлмөдөн маңзат табылган.
Милицияга каршылык көрсөтүлүп, асманга ок да атылган.

Аталган ооруканада жаткан Заур Магомедов белгисиз жагдайларда сыртка чыгып кетип, 9-февралда Балыкчыда эки милиция кызматкерин атууга катышкан. 11-февралда Токтогул районунда атайын операция учурунда атып өлтүрүлгөн. (SE)

XS
SM
MD
LG