Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:28

Нарында карышкыр күч болууда


Нарын районунда карышкыр күч болууда. Жыл башынан бери эле карышкыр 11 баш уй, 29 жылкы, 17 тай жана 34 койду жеп кеткен. Жалпы чыгым 2 миллион 596 миң сом деп эсептелинүүдө. Бул тууралуу "Азаттыкка" Нарын районунун акими Түгөлбай Жанбоев билдирди.

Бүгүнкү күндө райондо 9 карышкыр, 2 чөө атып жок кылынды. Район башчысы учурда карышкыр күч болуп, ага каршы күрөш колго алынбай жатканын белгиледи. Жыл бою мал чарбасына келтирген зыян болжол менен 15 миллион сомго чукулдайт. Өкмөттүн карышкыр, чөөлөрдү аткандарга берилүүчү сыйлык акча тууралуу токтому иштебей калды. (TSh/RK)

XS
SM
MD
LG