Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:41

Назарбаева кара куурай талааларын фирмаларга берүүгө үндөдү


Казак президентинин улуу кызы Дарига Назарбаева Казакстандын түштүгүндөгү кара куурай өскөн айдың талааларды фармацевтикалык фирмаларга берүүнү сунуш кылды. Ал парламентте сүйлөп, акыркы жыйырма жылда Чүй өрөөнүндөгү кара куурайды жок кылууга чоң каражат сарпталып, бирок натыйжа болбогонун, андыктан ал жерлерди дары-дармек жасачу эл аралык фирмаларга пайдаланууга берүү дурус экенин билдирди.

Назарбаеванын айтымында, мындай ыкма кырдаалды көзөмөлдөөгө жардам берет жана жаңы жумуш орундарын түзүп, казынага киреше түшөт.Дарига Назарбаева казак парламентинин мүчөсү.

Андан бир нече күн мурда кыргызстандык белгилүү нарколог Жеңишбек Назаралиев Чүй өрөөнүндө кара куурай өстүрүүнү жөндөө үчүн апийимди мыйзамдаштырууну сунуш кылган.

XS
SM
MD
LG