Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:12

Кытай Жапонияга нааразылык билдирди


Расмий Бээжин Токиодогу элчисин чакырып алып, жапон премьер-министри Абэнин ыйык аралдарга барганына “нааразылыгын” билдирди. Синьхуа расмий агенттиги Кытайдын Тышкы иштер министрлигине таянып, “Абэнин сапары жапондордун милитаристтик агрессиясын” кайра даңктаганын жазды. Кытайдын Тышкы иштер министри Ван И журналисттерге Абэнин кадамы туура эмес болгонун айтты:

- Бул таңда премьер-министр Синдзо Абэнин Ясукуниге барганы - тарых агымына каршы барганы. Ал жерде аскер кылмышкерлеринин сөөгү жатат. Бул эл аралык каршылыкты жаратуучу ачык эле чагым. Бул киши абийирин ырайымсыз тебелөө. Мен Кытайдын каршылыгын жапондорго бердим. Биз жапон премьер-министринин бул кадамына макул эмеспиз.

Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ - 2006-жылдан бери Ясукуниге сапары менен барган биринчи премьер-министр. Бул жерде Экинчи Дүйнөлүк согушта Жапония үчүн көз жумган жоокерлердин жана арасында Токио трибуналы тарабынан айыпталган согуш кылмышкерлеринин элесине арналып храм тургузулган. Азияда Ясукуни милитаристтик символ болуп эсептелет.
Абэнин сапары Түштүк Кореянын да катуу сынына кабылды. Түштүк Корея өкмөтүнүн өкүлү Сеул абдан капаланганын жана ачуусу келгенин билдирди.

Акыркы убакта Кытай менен Жапониянын ортосунда Чыгыш Кытай деңизиндеги талаштуу аралдар боюнча пикир келишпестиктер күчөдү.

XS
SM
MD
LG