Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:22

Эрдоган: коррупция боюнча иликтөөнүн артында чет элдик кутум турат


Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган мындай айыптоо сөздөрүн бүгүн анын өкмөтүнө жакын кишилер, анын ичинде ички иштер жана экономика министрлеринин балдары, мамлекеттик “Халк банктын” башчысы расмий камалган соң айтты.

Мурдараак иликтөөнү өкмөткө каршы “ыплас операция” деп мүнөздөгөн Эрдоган бүгүн иликтөөнүн артында чет элдик кутум тураарын белгилеп, чет өлкөлүк элчилерди өлкөдөн чыгараарын эскертти. Бирок алар кайсы өлкөлөрдүн элчилери экенин ачыктаган жок.

Коррупция боюнча кеңири масштабдагы иликтөөнүн алкагында, түрк гезиттеринин соңку кабарларына караганда, 24 киши камакка алынды. Премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган иликтөөгө жооп кылып 19-20-декабрда полициянын бир нече чиновнигин иштен алган эле.

Маалыматтарга караганда, иликтөө Иранга мыйзамсыз акча которуулар жана ири курулуш долбоорлорундагы паракорчулук менен байланыштуу. Коррупция боюнча азыркы жаңжал Түркияда келерки жыл өтүүчү жергиликтүү жана президенттик шайлоо алдында тутанды. (UE)

XS
SM
MD
LG