Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:40

Guradian: АКШ 35 өлкөнүн президенттерин тыңшаган


АКШнын атайын кызматтары 35 өлкөнүн президенттеринин телефонун тыңшаганын британиялык Guradian гезити жазып чыкты. Анда басылма АКШ улуттук коопсуздук агенттигинин мурдагы кызматкери Эдвард Сноуден ачыкка чыгарган 2006-жылдагы документке таянган. Документте АКШнын жашыруун кызматы тыңшады делген өлкө лидерлердин ысымдары аталган жок. Бирок АКШнын өкмөтүнүн кызматкери Ак үй, Мамлекеттик департамент жана Коргоо министрлигинде каттоодо турган 200дөн ашык телефон номурду жашыруун кызматка өткөрүп бергени жазылат. Мындай маалымат Германия менен АКШ ортосундагы телефон чатагы күчөп турган учурда жарыяланды.

Бейшембиде Германия канцлери Ангела Меркель АКШ президенти Барак Обамага телефон чалып, америкалык атайын кызматтар анын телефонун тыңшаары туурасындагы маалыматтар боюнча түшүндүрмө берүүсүн талап кылган. АКШ тарап Меркелдин телефону тыңшалат деген маалыматты четке каккан эмес, бирок мындан ары тыңшоо аракети болбойт деп ишендирген.

XS
SM
MD
LG