Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:48

"Z-Эксплорерди" эл Шамбесайга жолотпой койду


18-октябрда австралиялык "Z-Эксплорер" компаниясы райондук бийлик жана тартип коргоо органдарынын коштоосунда Шамбесай алтын кенине техникаларын киргизүүгө аракет жасады. Бирок жергиликтүү калк ага мүмкүнчүлүк берген жок.

Бул тууралуу кен жайгашкан Майдан айылдык кеңештин депутаты Мурза Курмушуев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, Майдан айылынына өтө жакын жайгашкан кенди иштетүүгө жергиликтүү калк кескин каршы чыгып келет. Бирок ага карабай австралиялык компания райондук бийлик, ондогон милиция кызматкерлеринин күчү менен кенди иштетүүгө аракет жасап, 18-октябрда техникаларын алып келген. Ага каршы болгон миңдей калк чогулуп, кенди иштетүүнү көздөгөндөрдү техникалары менен кошо айылдан сүрүп чыгарышты.

Майдан айыл өкмөтүнүн кызматкеринин билдирүүсүнө караганда, жаалданган эл Кара-Жыгач айылында жайгашкан "Z-Эксплорердин" кеңсесиндеги буюм-тайымдарын, компьютерлерин сыртка чыгарып ташташты. Майдан айыл өкмөтү Кадамжай районунда жайгашкан. Шамбесай алтын кенинде тогуз тоннага жакын алтын бар экени тастыкталган. Кен Исфайрам дарыясына жакын жайгашкан. Бул дарыядан 150 миңдин тегерегинде калк суу ичет. (AiT)

XS
SM
MD
LG