Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:24

О. Бобоназарова: Мага каршы бүтүн өкмөт күрөштү


Тажикстандын президенттигине талапкер Ойнихол Бобоназарова 6-ноябрда болчу шайлоого катышпай турганын жарыялады. Борбордук шайлоо комиссиясы зарыл 210 миң колду тапшырганга Бобоназаровага бир күн кошумча берилгенин же 11-октябрь акыркы мөөнөт экенин билдирди. Бобоназарова күрөштөн чыгуу себебин атаандашы президент Рахмон жана бүтүндөй бийлик болгону менен түшүндүрдү:

- Бул жарышта менин каршым жалгыз Рахмон болбогонун жонум менен сездим. Мага каршы өкмөттүн бардык мекемелери, анын ичинде күч түзүмдөрү турду. Бул шайлоо эмес эле, былчылдашкан согуш майданына окшоп кетти.

Бобоназарованын талапкерлигин Тажикстандын эң чоң оппозициячыл партиясы - Ислам кайра жаралуу партиясы жана Социал-демократтардын коалициясы колдогон. БШК алты талапкерди, анын ичинде азыркы президент Эмомали Рахмонду расмий каттаган. Бобоназарова өткөн айда полицияны анын шайлоо өнөктүгүнө кийлигишти деп күнөөлөгөн.

XS
SM
MD
LG