Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:01

Каптагаев Кумтөр боюнча атчан митингчилердин курчоосунда калды


Каракол шаарынын борбордук аянтында ушу тапта ызы-чуу болуп жатат. Кабарчыбыздын айтымында, ал жерде эртеден бери насыясын төгө албай жүргөн 50дөй жана Кумтөрдүн элге өткөрүлүп берилишин талап кылган 150 чакты адам эки башка митинг өткөрүп жаткан. Насыя карызы барлар менен өкмөттүн облустагы өкүлү Эмилбек Каптагаев сүйлөшүп турган. Бир нече мүнөт мурда аянтка өзүлөрүн Жети-Өгүз районунун тургундары деп тааныштырган, үстүнө окшош кийим кийген 50-60 атчан киши кирип келди. Алар учурда Каптагаевди тегеректеп алып, өз талаптарын айтууда. Мурда кабарлангандай, алар Кумтөр боюнча канадалык инвестор менен биргелешкен жаңы ишкана түзүүгө каршы. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG