Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:08

Президент Ноокатта Исановдун эстелигин ачты


Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн Ош облусунун Ноокат районуна барып, жаңы салынган эки мектептин ачылышына катышты. Андан соң Көк-Бел айылында Кыргызстандын туңгуч премьер-министри Насирдин Исановдун эстелигин ачты. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Айылдагы эс алуу багына коюлган Насирдин Исановдун эстелигинин ачылышына өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев да катышты. Исанов тирүү болгондо быйыл 70 жашка чыкмак. Ал 1991-жылы табышмактуу жагдайдагы жол кырсыгында каза тапкан. Коомчулукта ал ошол учурда Кумтөр алтын кени боюнча келишимге каршы болгону айтылып жүрөт.

Президент Алмазбек Атамбаев 4-5-октябрда Баткен облусунда да болгон. Өлкө башчысынын түштүк облустарындагы сапары бүгүн соңуна чыгат. (AKu)

XS
SM
MD
LG