Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:17

Муфтият: Бүгүн Орозо башталган жок дегендердики туура эмес


Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы орозого байланыштуу билдирүү таратты. Анда бүгүн, 9-июлда «орозо башталган жок» деген сөздөр туура эмес экени айтылат.

«Кээ бир адамдар "ай чыкпаптыр, бүгүн орозо кармабайбыз" деген маалыматты таркатууда. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы чыгарган фатвага жараша, Борбор Азия жана башка жерлердеги көптөгөн мамлекеттердин мусулмандарындай эле биз дагы бүгүн орозо кармап жатабыз», - деп айтылат муфтияттын билдирүүсүндө.

Бүгүн орозо чөлкөмгө жакын мамлекеттерден Казакстан, Тажикстан, Кыргызстан, Түркия жана Орусияда башталды. Өзбекстан менен Азербайжанда эртең башталат.

Мындан тышкары, Сауд Арабстан, Египет жана башка бир катар араб мамлекеттеринде да орозо эртең, шаршемби күнү башталмакчы. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG