Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:33

Нарын, Ысык-Көл: жайкы кардан мал кырылып жатат


Бул тууралуу “Азаттыкка” Чукул кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов кабарлады. Ага ылайык, Ысык-Көл облусунда 300дөн ашык кой, эки жылкы жана алты уй кырылды. Нарында болсо 270тен ашык кой жана эки кулун сууктан өлдү. Таласта 54 гектар төө бурчакты жана 36 гектар картошканы үшүк алды. Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районуна жааган кардын кесепети такталууда. Учурда алыскы жайлоолорго тоют жеткирүү маселеси чечилип жатат.

Нарындын Ак-Талаа районунун бир катар айылдарында кардын кесепетинен электр энергиясы үзгүлтүккө учурады. Азыр оңдоо иштер жүрүп жатат. Кочкор району да ак жайдын күнү жааган кардан жабыркады. Соң-Көл жайлоосуна 30 сантиметрдей кар түштү. Ал жакта азыр 50дөй малчы бар. (EBM/TSh)

XS
SM
MD
LG