Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:56

Оторбаев: жалпы инвестициялык климат жабыркашы мүмкүн


Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн парламент комитет отурумунда маалымдады. Анын айтымында, келишим бузулса, Кыргызстанды акционерлердин баары сотко бериши ыктымал. "Мындан өлкөнүн бюджети гана эмес, жалпы инвестициялык климат жабыркайт", дейт Оторбаев.

Жогорку Кеңеш “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Ширин Айтматова Кумтөр боюнча иликтеген комиссиянын курамына мүчө болууга бир нече ирет аракеттенип, кошула албаганын белгилеп, “бул жерде да өкмөт Кумтөр боюнча сүйлөшүүнү жашыруун өткөрүүгө аракеттенип жатат” деп айтты.

Бүгүн кыргыз өкмөтү Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча “Центерра голд инк” компаниясы менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр тууралуу парламенттин комитеттеринде маалымат берди. (ZKo)

XS
SM
MD
LG