Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:54

Кыргызстанда эркектердин саламаттыгы начарлоодо


Бишкекте бүгүн Борбор Азия жумуриятындагы өлкөлөрдөн келген урологдор жыйынга чогулат. Анда урология жана андрологиядагы эркектердин тукумсуздугу, табарсыкка таш туруу, рак сыяктуу ооруларды алдын алуу жана дарылоонун заманбап ыкмалары талкууланмакчы.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда уронефрологиялык дартка чалдыккандар жыл сайын 1,5 пайызга өсүп жатат. Миграция, балдардын төрөлүшүнүн азайышы, экологиянын бузулушу, жыныстык жол менен тараган оорулар, баңгилик, аракечтик жана СПИДдин айынан бөйрөк, жыныстык дарттар көбөйүүдө.

Кыргызстанда соңку 7 жылдан бери “Эркектердин саламаттыгы” аттуу жумалык өткөрүлүп келет. Иш-чаранын алкагында дарыгерлер бекер кеп-кеңеш берет, медициналык кароодон өткөрүшөт. (EBM)

XS
SM
MD
LG