Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:21

Акыйкатчы: Экс-министр Сабиров сот өкүмүнө нааразы


Коррупциялык аракеттер боюнча айыпталып, өткөн аптада Бишкек шаардык сотунун чечими менен 5 жылга эркинен ажыратылган мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабиров сот өкүмүнө макул эмес. Экс-министр мындай пикирин ага жолугушууга барган акыйкатчы Турсунбек Акунга айтканын Омбудсмен аппаратынан кабарлашты. Сабиров кылмыш ишти териштирүүдө процессуалдык нормалар одоно бузулганын айтып, Жогорку Сотко доо арыз менен кайрылаарын белгилеген.

Былтыр Сабировго чет өлкөгө бала асыроого уруксат берүүдөгү коррупциялык аракеттер боюнча айып тагылган. Бишкектин Биринчи Май райондук соту экс-министрди актаганы менен Башкы прокуратуранын доо арызынын негизинде шаардык сот ишти кайрадан карап, өткөн бейшембиде өз өкүмүн чыгарган. (KKs)

XS
SM
MD
LG