Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:05

Megacom башчысынын мурдагы кеңешчиси Абеков абакта ачкачылык жарыялады


Megacom уюлдук байланыш компаниясынын башкы директорунун мурдагы кеңешчиси Алмаз Абеков кечээтен тарта ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" анын адвокаты Икрамидин Айткулов кабарлады.

Абеков баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүчтү сот канааттандыруудан баш тартканына байланыштуу ачкачылык жарыялады. Адвокаттын бул тууралуу өтүнүч катына билим берүү жана илим министри Канат Садыковдун да кайрылуусу тиркелген болчу. Министр Абеков негиздеген "Алиппе ТВ" долбоору алыскы айылдардагы балдарды окутууга зор салым кошуп жатканын айткан. Бирок сот анын баш коргоо чарасын өзгөртпөй койду.

Учурда дээрлик жарымына өкмөт ээлик кылган Megacom уюлдук операторуна коррупциялык схемалар аркылуу 142 миллион сомдон ашуун зыян келтирген, 6 миллион долларды офшордук аймакка чыгарган деген шек менен камакта отурган үч адамдын бири Абеков былтыр январда УКМКнын тергөө абагына камалган. Тергөө бүттү, бирок соттук териштирүү али баштала элек. (RK)

XS
SM
MD
LG