Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:51

Прокуратура: айыл өкмөттөрдө коррупция көп


Башкы прокуратура 2012-жылдагы ишинин жыйынтыгын чыгарды. Анда былтыр коррупцияга байланыштуу 1180 кылмыш иш козголгону маалым болду. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, чыгым 1 миллиард 3 миллион сомдон ашты.

Анализге ылайык, айыл өкмөттөрдө коррупциялык көрүнүштөр көп катталары аныкталды. Андан кийин мэрия менен акимиаттар турат. Прокуратуранын маалыматында тизмени ИИМ, Мамлекеттик каттоо, Салык кызматы, Билим берүү жана Саламаттык сактоо министрлиги улайт. (EBM)

XS
SM
MD
LG