Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:39

Шоноевдин өлүмүнө шектүү делген дагы эки киши кармалды


Милициянын полковниги Шоноевдин өлүмүнө шектүү делген дагы эки адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков кабарлады. Буга чейин шектүү бир киши кармалган болчу. Дагы экөөнө издөө салынды. Кеңири маалымат түштөн кийин Ошто өтө турган маалымат жыйынында белгилүү болот.

ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча түштүк башкармалыгынын бөлүм башчысы Толкунбек Шоноев 11-январда Кара-Суу районуна караштуу Дыйкан-Кыштак (Ош шаарынын жака белинде) айылынын Осмонов көчөсүндөгү үйүнүн жанынан, саат 19:30 чамасында киши колдуу болгон. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG