Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:21

Израил Чыгыш Иерусалимдеги жөөт конуштарын кеңейткенге киришүүдө


Маалыматтарга караганда, Израил Чыгыш Иерусалимде жөөттөр үчүн 1997-жылдан бери биринчи жолу жаңы конуш курганы жатат. Иерусалим мэриясынын пландоо комитети Гиватха - Матос маалесинде 2600 турак үй куруу планын бекиткенин шаардык кеңештин мүчөсү Пепе Алалу билдирди.

Палестин автономиясынын жооптуу кызматкери Мухаммед Штайе Израилдин жаңы конуштурды куруусу жана башка палестиндерге каршы иштери боюнча Гаагадагы эл аралык сотко даттанышы ыктымал экенин эскертти.

Палестиндер жаңы курулуш Чыгыш Иерусалимди Батыш Иордандын башка бөлүктөрүнөн биротоло бөлүп салат дешет. Улуттар Уюму ноябрда Палестин автономиясына “байкоочу эмес өлкө” деп тааныгандан бери Израил Чыгыш Иерусалимде турак жай куруу боюнча бир нече долбоорду бекитти. Бул планды АКШ, Евробиримдик жана БУУ сындашууда.

XS
SM
MD
LG