Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:10

Ташбаевди үй камагына чыгаруу аракети жасалууда


Учкунбек Ташбаевдин адвокаты Икрамидин Айткулов аны үй камагына чыгаруу боюнча Бишкек шаардык сотко кайрыларын “Азаттыкка” билдирди. Адвокат тергөө иштери жүрүп жатканда Ташбаевди эки ай камакка алууга негиз жок болчу деп эсептөөдө.

Мурдараак Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин мурунку башчысы Учкунбек Ташбаевдин 30-ноябрда камакка алынганын кабарлаган. Ал кызматынан "кыянаттык менен пайдаланган, лицензия берүүдө кызматынан аша чапкан" деп айыпталып жатат.

Биринчи май райондук соту Ташбаевдин баш коргоо чарасын карап 2 айга, тактап айтканда, 30-январга чейин камакка алуу тууралуу чечим чыгарды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG