Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:26

Грек өкмөтү бюджетти үнөмдөө долбоорун сунуштады


Греция өкмөтү бюджетти үнөмдөө боюнча жаңы планын парламенттин кароосуна сунуштоодо. Премьер-министр Антонис Самарастын өкмөтү иштеп чыккан долбоордо салыктарды көтөрүү жана чыгымдарды кыскартуу аркылуу 13 жарым миллиард евро үнөмдөө каралган. Аны менен катар жумушчуларды ишке жалдоо жана кетирүү жараянын жеңилдетүү сунуш кылынууда. Ал тапта коомдук транспорт жана маалымат каражаттарынын кызматкерлери иш таштоо жумалыгын баштады.

Үнөмдөө планына каршылык иретинде ошондой эле эртеңден тарта Афиныда демонстрациялар пландалууда. 2013-жылкы бюджеттин жактырылышы өлкөнүн 31 жарым миллиард евро жардам алышы үчүн өтө маанилүү.

Үнөмдөө чаралары кабыл алынмайынча, Эл аралык валюта фонду менен Евробиримдик Грецияга карыз беришпейт.

XS
SM
MD
LG