Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:22

А.Султанов Маңзаттарды көзөмөлдөө кызматын жетектейт


Буга байланыштуу буйрукка премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты. Маңзаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматты буга чейин Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев жетектеп турган.

Алымбай Султанов президент Алмазбек Атамбаевдин кудасы. Бүгүн Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө президент жаңы дайындалган министрлерге аяш, классташ, туугандарды кызматка алып келбегиле деп эскерткен болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG