Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:18

Ак-Буура дарыясынан соңку бир айда 7 адамдын денеси табылды


Алардын үчөө аял, төртөө эркек. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди. Денелердин алтоосунун кимдиги аныкталган жана бардыгы Кыргызстандын жарандары экени айтылууда. Бир кишинин кимдиги аныктала элек. Ал Ак-Буура дарыясына агып, Өзбекстандын аймагына өткөн убакта табылган.

Сууга агып кеткен кишилердин денесинде зомбулуктун же атайын өлтүрүлгөндүгүн тастыктаган белгилер жок. Милициянын маалыматы боюнча бул соңку айларда дарыядагы суунун жылдагыга салыштырмалуу көп экендигине байланыштуу болууда. Жээкте эс алып отургандар мас абалында сууга түшүп кеткен болушу ыктымал деген божомолдор бар.

Шаар милициясы Ак-Бууранын боюнда эс алуучуларга этияттыкты сактоону жана балдарды көзөмөлсүз калтырбоону эскертет. (SE)

XS
SM
MD
LG