Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:18

Ошто таза суу берүү белгисиз мөөнөткө токтоду


Ошто нөшөр жаандан улам Ак-Буура дарыясынын суусу ылай болуп жашоочуларга таза суу берүү белгисиз мөөнөткө токтотулду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош суу чарба башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ормош Осмонов билдирди. Анын айтымында, калаага суу Ак-Буура дарыясынан алынат.

“Ошто ачык суу сактагыч ыкмасы аркылуу таза суу берилгендиктен, нөшөрлүү жаанда жана жер көчүп, ылайланганда суу берүүнү токтобуз. Кечээки жаандан кийин Ак-Буура аябай эле ылайланып кеткендиктен, анын качан тазаланаарын анык айта албайбыз”,- дейт Осмонов.

Башкармалыктын маалыматына ылайык, Евразия чөлкөмү боюнча Ош жана Бакы шаарларында гана таза суу берүүдө Ачык суу сактагыч ыкмасы колдонулат. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG