Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:15

Көп томдук тарыхты жазуу боюнча жыйын



Жума күнү (2012-жылдын 13-апрелинде) кечкурун Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин (КУУ) Тарых музейинде кыргыз тарыхчылар тобунун жыйыны болуп, анда жакынкы болочокто көп томдук “Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы” китебин жазуу маселелери талкууланды.

Жыйынды “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмесинин (КТК) президенти, КУУнун профессору Тынчтыкбек Чоротегин алып барды. Оболу ал болочокку көп томдук китептин түзүлүшү боюнча профессорлор Олжобай Каратаевдин (15 томдук) жана Ташманбет Кененсариевдин (9 томдук) долбоорлорун мултимедиалык каражат аркылуу тааныштырып, андан соң өзү жалпылаган 10 томдук долбоор тууралуу кыска маалымат берди.

Талкууга КТКнын мүчөлөрүнөн тышкары ар кыл илимий мекемелерде иштеген белгилүү тарыхчылар (КУУнун тарых факультетинин деканы Бектемир Жумабаев, Кыргыз Техникалык Университетинин профессору Аалыбек Акунов, Бишкектеги Дипломатиялык академиянын Биринчи проректору, профессор Ташманбет Кененсариев, Кыргыз Улуттук Илимдер академиясынын, Кыргыз-Түрк “Манас” Университетинин, Эшеналы Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин, Эл Аралык Университеттин ж.б. илимий мекемелердин тарыхчы адистери, КТК мүчөлөрү катышышты.

Жыйындын соңунда көп томдук эмгектин айрым томдорунун түзүлүшүн жана концепциялык бүтүндүгүн, алардын болжолдуу автордук курамын жана башка чоо-жайларын тактоо боюнча тийешелүү жумушчу топторду түзүү тууралуу бүтүм чыгарылды.

Жыйынга катышкан белгилүү географ жана картограф Темиркул Эшенкулов соңку археологиялык иликтөөлөрдүн натыйжаларын камтуу менен Кыргызстандын атайын археологиялык картасын түзүү жана жарыялоо долбоору менен тааныштырды.

XS
SM
MD
LG