Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:14

Нарында карышкыр тиштеген эки адам ооруканада дарыланууда


Нарын облусунун Нарын районундагы Ак-Кудук айылында 10-апрелде элдин короосуна карышкыр кирди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдун билдиргениен караганда, саат 22:00 чамасында жалпысынан карышкыр 17 короого кирип 18 баш эчки, 29 баш кой, 4 баш жылкы, 4 ит жана 6 тоокту тиштеген, анын ичинен 19 баш кой, 10 баш эчки өлгөн.

Мындан сырткары Ж. Молдоисаевди жана Жумабек уулу Акжолду тиштеген. Жабыркагандар Нарын облустук ооруканасында дарыланып жатышат. Карышкыр атып өлтүрүлдү, башы кесилип республикалык ветеринардык борборго бүгүн жөнөтүлөт. Тиштелген малды кутурмага каршы эмдөө жана башка ветеринардык-санитардык иштер жасалат. (RK)

XS
SM
MD
LG