Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:55

Оторбаев Аксы окуясы боюнча КТРК үчүн кечирим сурады


Бүгүн Коомдук телерадио корпорациясында Аксы окуясын эскерүү өттү. Ага КТРКнын жетекчилиги баштаган эмгек жамаат катышты. Коомдук каналдын жетекчиси Кубат Оторбаев КТРдин “кара жашик” ылакап атка конгонунун бир себеби Аксы окуясы болгонун, тынч жыйынга чогулган элдин окко учканын “Азаттык” үналгысы гана айтып чыкканын белгиледи. “Элдин “Азаттыкка” болгон ишеними, ал эми КТРге жийиркеничи ошондо пайда болгон”, - дейт Оторбаев.

Оторбаев мурдагы КТР, азыркы коомдук телерадио берүүнүн жетекчиси катары аталган каналдын бул окуяны калыс чагылдыра албаганы үчүн Аксы элинен жана бул окуяда жабыркаган адамдардан кечирим сурады.

Бүгүн Кыргызстанда Аксы окуясын эскерүү күнү. Туура он жыл мурун 17-мартта Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Бозпиек айылында тынч чогулган элге ок атылып, алты адам набыт болгон. (EBM)

XS
SM
MD
LG