Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:05

Расмий Тегеран: Иран Хормуз кысыгын оңой эле жаап салат


Тегеран үчүн “Хормуз булуңун мунай ташыган кемелер үчүн жаап салуу, бир пияла суу ичкенден да оңой”, - деди Ирандын деңиз күчтөрүнүн даражалуу командачыларынын бири Хабибулла Саяри. Бирок Саяри англис тилдүү Пресс ТВ каналына курган маегинде азыр Перс булуңу аркылуу өткөн маанилүү мунай жолун жабуунун зарылдыгы жок дейт. Ушу тапта Ирандын деңиз аскерлери Хормуз кысыгында он күндүк маневр өткөрүүдө.

Кечээ Ирандын биринчи вице-президенти Мухаммад Реза Рахими непада чет мамлекеттер Тегеранга каршы санкция киргизсе, Иран Хормуз аркылуу мунай ташыган кемелерди өткөрбөйт деп эскерткен.

АКШнын Энергетика министринин маалыматы боюнча, 2009-жылы дүйнөдө деңиз жолдору менен ташылган мунайдын үчтөн бирине жакыны Хормуз кысыгы аркылуу өткөн.

XS
SM
MD
LG