Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:27

“Трейд Ойл” май сактоочу кампаны өрт чалды


Бишкекте 9-декабрда түнкү саат 11ден өтүп калганда “Трейд Ойл” май сактоочу кампадан өрт чыгып, 60 тонналык майы бар цистерна жана 40 тонна бензин жүктөлгөн эки унаа толугу менен күйүп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, өрт өчүргүчтөр 60 тонналык 8 цистернаны сактап калышты. Өрт толугу менен таңга маал өчүрүлдү. Кырсыктан адам өмүрүнө зыян келген жок. Учурда өрттүн себеби иликтенип жатат.

Жалпысынан 9-декабрда Кыргызстанда 7 өрт кырсыгы катталды. (EBM)

XS
SM
MD
LG