Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:26

Майлуу-Суудагы жетим балдар үйү жабылганы жатат


Жалал-Абаддагы Майлуу-Суу шаарынын жетим балдар үйү жабылганы жатат. Бул тууралуу чечим жергиликтүү бийликтер тарабынан кабыл алынганын бүгүн кабарчыбыз билдирди. Балдар үйүнүн имаратында бала бакча ачылмай болууда. Себеби жергиликтүү тургундардан бала бакча ачып берүү тууралуу 70-80 арыз түшкөн. Ал жерде учурда жашап жаткан 7 жетим үчүн ошол эле имараттан алар 18ге чыгып, балакатка жеткенче жай берип, өзүнчө эшик ачып берүү каралууда.

Жетимдер үйү 30 балага ылайыкташтырылып салынган. Директору Кылычбек Абдыбеков үйдү калтыруу жана аны республикалык бюджеттин эсебине өткөрүү өтүнүчү менен өлкө жетекчилигине жана жергиликтүү бийликтерге кайрылды. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG