Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:44

Литвалык хирург Бишкекте жүрөк алмаштыруу операциясын жасоого даяр


Литвалык кардиохирург Римантас Бенетис Бишкекте болгон иш сапары учурунда жүрөктү алмаштыруу боюнча көрсөтмө операция жасап берүүгө даяр экенин билдирди. Ал 17-октябрда келет. Кесиптештери менен кызматташтыкты өркүндөтүү боюнча сүйлөшүү жүргүзөт.

Кыргызстанда жүрөктү алмаштыруу боюнча операция жасалбайт. Профессор Бенетис көптөгөн эл аралык сыйлыктардын ээси. Соңку жылдары Казакстан менен тыгыз кызматташып келатат.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен "Азаттыкка" маалымдашкандай, литвалык хирург кыргызстандык кесиптештерине жүрөк алмаштыруу операциясын жасоону көрсөтүп берүүгө даяр, бирок учурда ага даярдык да, шарт да жок. Ал үчүн өз макулдугун берген сыркоону, донорду таап, аларды даярдаш керек. (RK)

XS
SM
MD
LG