Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:21

Отунбаева: Июнь окуясы кайталанбашы керек


Шайлоо алдында коомдук тартипти сактоо боюнча ыкчам аракеттерден тышкары социалдык жана улут аралык жаңжалдардын алдын алуу жолдору да иштелип чыгышы керек. Бул тууралуу бүгүн президент Роза Отунбаева Коргоо кеңешинин отурумунда айтты. Президент былтыркы Ош коогасындай окуянын кайталанбашы керектигин белгиледи.

"Шайлоо учурунда өлкөдө тынчтыкты сактоо бийликтен гана эмес, жарандык коомдон да көз каранды", - дети өлкө башчысы.

Жыйында маалым болгондой, шайлоо учурунда коопсуздукту камсыздоо боюнча өкмөт алдында биргелешкен штаб түзүлдү. Талапкерлердин элди улуту, жашаган жери жана дини боюнча бөлүү аракеттерине бөгөт коюнун жолдору да талкууланды. Президенттик шайлоо Кыргызстанда 30-октябрда болот. Ага 20 талапкер катышууда. Былтыр июнда Ош жана Жалал-Абадда улут аралык жаңжал чыгып, 400дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылган.(RK)

XS
SM
MD
LG