Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:22

Былтыр дүйнөдө 101 журналист мерт болгон


Былтыр дүйнө жүзүндө 101 журналист өлтүрүлгөн. Бул тууралуу Эл аралык Пресса институту (IPI) билдирди. Журналисттер үчүн эң кооптуу аймак – Азия. Ал жерде 40 журналист киши колдуу болуп өмүрүнөн ажыраган, алардын ичинен 15 киши Пакистанда каза тапкан. 32 журналист Түндүк жана Түштүк Америкада өлгөн. Соңку 5 жылдын ичинде дүйнөдө 472 журналист өлүмгө дуушар болгон. Алардын көпчүлүгү Ирак менен Филиппинге туура келет. "Журналисттик кесип барган сайын кооптуу кесипке айланууда" деген бүтүмгө келишти институттун эксперттери.

XS
SM
MD
LG