Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:10

Нобель Тынчтык сыйлыгы кытай диссидентине расмий тапшырылды


Бүгүн Ослодо өткөн салтанатка сыйлыктын быйылкы лауреаты Лю Сяобо өзү катышкан жок. Ага арналган столдо Сяобонун сүрөтү турду. Ал мекенинде "бузуку иштери үчүн" деген жүйөө менен соттолуп, учурда 11 жылдык түрмө жазасын өтөөдө. Кытай Нобель Тынчтык сыйлыгынын быйыл Лю Сяобого ыйгарылышын “фарс” деп атап, акыркы кездери, адам укугун коргоочу уюмдардын ырастоосунда, башкача ойлонгондорго каршы куугунтукту күчөттү жана диссиденттин жубайынын Ослого келбеши үчүн аны үй камагына отургузган. Нобель Тынчтык комитети сыйлыкты Лю Сяобого ыйгаруу чечими “жалпы адамзаттын баалуулуктарына” негизделгенин белгилеген.

Нобель Тынчтык сыйлыгынын былтыркы лауреаты, АКШ президенти Барак Обама Лю Сяобо бүгүнкү салтанатка келе албай калганына өкүнүч билдирди жана Кытайды аны мүмкүн болушунча тез бошотууга чакырды.

Кытай жана андан башка 18 өлкө, анын ичинде Орусия, Казакстан, Иран, Ооганстан Нобель Тынчтык сыйлыгын тапшыруу жөрөлгөсүнө катышкан жок.

XS
SM
MD
LG