Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:16

Финляндия интернет кызматын жалпы укуктардын катарына киргизди


Скандинавиялык бул өлкө дүйнөдө биринчи болуп өзүнө ар бир жаранды жогорку ылдамдыктагы интернет байланышы менен камсыздоо милдетин алды. Былтыр мында коммуникациялык базар тууралуу мыйзамга интернеттен колдонууну телефон жана почта сыяктуу универсалдык кызмат болсун деген өзгөртүү киргизилген эле. Бүгүн 1-июлдан тартып, Финляндияда кызмат көрсөтүүчүлөр бардык фин үйлөрүн секундасына бир мегабайт ылдамдыкта иштеген интернет байланышы менен камсыздоого милдеттүү болушту.

XS
SM
MD
LG