Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:01

Курманбек Бакиев Кыргызстанга ЖККУнун күчтөрүн киргизүүгө чакырды


Бийликтен кулатылган Курманбек Бакиев бүгүн Минскиде маалымат жыйынын өткөргөн учурунда Жамааттык коопсуздук келишимине мүчө өлкөлөрдү Кыргызстандагы кырдаалга “оперативдүү көңүл бурууга” үндөп, өлкөгө ЖККУнун күчтөрүн киргизүү зарылдыгын белгиледи. Бакиевдин пикиринде азыр “коопсуздукту тышкы күчтөр аркылуу гана камсыздоого болот”. Курманбек Бакиев ошондой эле “референдумга жолтоо кылуу оюнда жоктугун” кошумчалады. Убактылуу өкмөт түштүктөгү тутанган улуттар аралык жаңжалдын экинчи күнүндө бул кандуу окуяны уюштурууга мурдагы президенттин жана анын жакындары менен жактоочуларынын тиешеси бардыгын айтып чыккан эле. Кечээги билдирүүсүндө Бакиев убактылуу өкмөттүн айыптоосун четке каккан болчу.

XS
SM
MD
LG