Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:32

Кыргыздардын 1916-жылкы көтөрүлүшү тууралуу роман жарык көрдү


Бишкектеги "Бийиктик" басмаканасы тарыхчы жана журналист, учурда BBC үналгысынын Кыргыз кызматында продюсер болуп иштеп жаткан Арслан Капай уулу Койчиевдин "Мисмилдирик" (Беделдеги каргыш) романын басып чыгарды. Чыгарма кыргыздардын 1916-жылкы улуттук-боштондук көтөрүлүшүнө арналып, ал окуялар Мукай Камбаров, Камбар болуш, Нарбото, Карагыз апа сыяктуу каармандардын тагдыры аркылуу сыпатталган. "Мисмилдирик" (Беделдеги каргыш") романы кыргызстандык сынчы-адабиятчылардын жылуу пикирин жаратууда, дешет китептин мазмуну менен таанышып чыккандар. Көлөмү он беш басма табактан бир аз ашыгыраак роман 1000 нускада жарык көрүп, жакынкы күндөрү китеп дүкөндөрүнө түшмөкчү.

XS
SM
MD
LG