Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:31

Экс-губернаторго кылмыш иши козголушу ыктымал


Бул тууралуу Башкы прокуратуранын атын атагысы келбеген өкүлү “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда Баткен облусунун мурдагы губернатор Марат Жумабековдун кызмат абалынан пайдаланып, ишкерлерден акча жыйнаганы, облустун аймагындагы үйүн оңдоо үчүн мамлекеттик каражатты жумшаганы жана башка бир катар иштери тууралуу буга чейин айтылып келген маалыматтар такталып жатат. Ал эми Баткен облустук каржы полициясы суу чарбасы үчүн насос сатылып алынды деген 800 миң сомдун кайсы максатка жумшалып жаткандыгын иликтөөнүн үстүндө.

Баткен облусунун губернатору Марат Жумабековду кызматында кетирген кемчиликтери үчүн президент кечээ иштен бошоткон. Сентябрь айында Баткен облусундагы Кадамжай районунун акими Асамидин Ташов кызматынан алынган. Анын тарапкерлери акимдин бошоп калуусуна губернатордун тиешеси бар деп айыпташкан, ал эми мурдагы аким Асамидин Ташов “Азаттыкка” берген маегинде облустун ошол кездеги губернатору Марат Жумабеков “президенттин туулган күнү үчүн” деп, ишкерлерден 1 миң доллардан акча жыйноону талап кылгандыгын” билдирген эле. (ZKo)

XS
SM
MD
LG