Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:46

Өлүм жазасы -парламент назарында


Жогорку Кеңештеги эл аралык иштер жана парламент аралык кызматташтык комитети бүгүнкү отурумунда БУУнун Башкы ассамблеясы 1989-жылдын 15-декабрында кабыл алган Өлүм жазасын алып салууга багытталган экинчи факультативдик протоколго, жарандык, саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пактка Кыргызстандын кошулушу жөнүндөгү мыйзам долбоорун кубаттады. Долбоорду комитетте Юстиция министри Нурлан Турсункулов жактады. Өлүм жазасын алып салуу жөнүндөгү эл аралык пактыга кошулуу маселесин эртең “Ак жол” фракциясы караган атат.
Комитет отурумунда коммунист-депутат Николай Байло бул багытта Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгесин көтөрдү. 2007-жылкы референдумда Баш мыйзамдагы өлүм жазасы жөнүндөгү берене түбөлүк камакта кармоо жөнүндөгү жобо менен алмаштырылган.

Коммунисттер фракциясы Өлүм жазасын калыбына келтирүү жөнүндө мыйзам долбоорун даярдап жаткандыгы мурда маалымдалган. Мындай аракет Коопсуздук Кеңешинин сентябрдагы аппарат жыйынында ошол кездеги катчы Адахан Мадумаров менен Коопсуздук Комитетинин төрагасы Мурат Суталиновдун Өлүм жазасын калыбына келтирүүнү жактаарын билдиришкенден кийин башталган.
Мындай демилгени Кыргызстандын акыйкатчысы жана жергиликтүү укук коргоочулар кескин сындап чыгышкан болчу. (BuS)

XS
SM
MD
LG