Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5617
KGS / 
EUR
61,275
KGS / 
USD
46,574

VIP маек

Сөз таануу

Жаңылыктар / Алатоо жаңылыктары

“Кыргызпатент” жетекчиси айыптоолорду четке кагууда

20.08.2009
Мамлекеттик патент кызматынын төрагасы Улан Мелисбек анын дарегине айтылып жаткан айыптоолорду четке кагууда.

Буга чейин Акыйкатчы институтунун алдындагы укук коргоочулар кеңеши маалымат таратып, “Кыргызпатенттин” жетекчиси Улан Мелисбек интеллектуалдык менчик боюнча адистерден (түрдүү товардык белгилерди каттоо боюнча адистер) он миңдеген доллар акча өндүрүүгө аракет кылып жатканы айтып, башкы прокуратураны чара көрүүгө чакырган эле.

“Кыргызпатенттен” билдиришкендей, буга байланыштуу У.Мелисбек интеллектуалдык менчик боюнча адистер менен чукул жыйын өткөрүп, маалымат каражаттарында пайда болгон айыптоолор тууралуу сүйлөшкөн. Анда “Кыргызпатенттин” жетекчисин айыптаган маалыматтарды товардык белгилерди катоо боюнча адистердин бири Алексей Вандаев таратканы айтылып, жыйынга келгендер кесиптешинин аракетин айыпташкан. Ошондой эле алар мындай маалымат тараткан адамга чара көрүү керектигин айтып “Кыргызпатенттин” жетекчилигине кат менен кайрылышкан.

У.Мелисбек өз кезегинде, мамлекеттик кызматка келгенден бери татаал коррупциялык системага туш болгонун, коррупционер чиновниктерге таянган адамдар анын ишине жолтоо болууга аракет кылып жатышканын, интернет айдыңында монополист болуп алышкандар ал жасап жаткан реформаларга каршы экендигин айтууда. Ошондой эле ал коррупциялык системадан көңүлү калганын, балким жакын арада кызматын таштап кетиши да мүмкүн экенин да айтууда.

Ушул тапта ал юристтер менен кеңешип, А.Вандаевди сотко берүү тууралуу сүйлөшүүдө. (IJz)
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

“Манастын” жаңы китептери толукталып чыкты Видео тасма

Мамлекеттик Тарых музейинде “Манастын” манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер айткан варианттарынын толук басылмаларынын жана Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейдин” бет ачарлары өттү. MiT

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)