Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:47

Кыргызстан менен Орусия Москвада эки тараптуу келишимдерге кол койду


Бир катар кабар агенттиктеринин билдиргенине караганда, эки өлкө Москвада 3-февралда кол койгон келишимдерге ылайык Орусия Кыргызстанга кайтарымсыз каржылык жардам көрсөтөт, ошондой эле борбордук азиялык бул өлкөгө мамлекеттик насыя (кредит) берилет, Кыргызстандын Орусия федерациясына буга чейинки мамлекеттик карызынын бир бөлүгү Орусияга мүлк берүү аркылуу жойулат жана карызынын калган бөлүгү кечирилет.

Эки өлкөнүн өкмөттөрү ортосунда ошондой эле Камбарата ГЭСин куруу боюнча да келишим түзүлдү. Ал эми президенттер Курманбек Бакиев менен Дмитрий Медведев экономика жана каржы–насыя чөйрөсүндөгү кызматташтыкты андан ары өрчүтүү боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту.


Президент Курманбек Бакиев баштаган кыргыз делегациясынын Москвадагы сапары 3-январда түштөн кийин башталган. Орус президенти Дмитрий Медведевдин айтымында, Орусия Кыргызстанга берүүчү насыянын жалпы көлөмү 2 миллиард долларды, ал эми жардам - 150 миллион долларды түзөт.

XS
SM
MD
LG