Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:43

13:12 Маркум Баяман Эркинбаевдин беделин сотто жубайы коргогону жатат


Мурдагы депутат Баяман Эркинбаевдин өлүмүнө байланышкан сот ишин Свердлов райондук соту 14-февралда кайра баштан кароого киришет. Буга маркумдун жубайы Чолпон Султанбекованын арызынын негизинде Жогорку Соттун райондук, шаардык соттордун чечимдерин жокко чыгарышы түрткү болууда. Адвокат Икрамидин Айткуловдун бүгүн «Азаттыкка» билдиргенине караганда, мурдагы сот жараянында Баяман Эркинбаев маңзат жүгүртүүгө тиешеси бар катары бааланып, анын өлүмүнүн себеби да ушуга байланыштырылган, бирок, жетиштүү далил келтирилген эмес. Свердлов райондук соту 2006-жылы Эркинбаевдин өлүмү боюнча Сабыркул Батыров менен Махмуджан Рузиметовду өлүм жазасына кесип, кийинчерээк Бишкек шаардык сот Рузиметовго чегерилген өлүм жазаны 17 жыл эркинен ажыратуу менен алмаштырган. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Баяман Эркинбаев 2005-жылдын 21-сентябрында белгисиз адам тарабынан атып өлтүрүлгөн. (BuS)

XS
SM
MD
LG