Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:18

Индиянын түндүк-чыгышында суу ташкыны болду


Индия. Индиянын түндүк чыгышындагы суу ташкындан набыт кеткендердин саны 96 адамга жетти. Бул аймакта 2,5 миллиондон ашуун адам өз үйлөрүн таштоого мажбур болду. Бир нече күндөн бери токтобой жааган жамгырдан улам Индиянын Ассам жана Аруначал-Прадеш штаттарында Брахмапутра дарыясынын деңгээли кескин көтөрүлүп кетти. Айрым аймактарда дарыянын деңгээли үч метрге чейин жетти. Өлкөнүн аскер учактары табигый кырсыктан жабырлангандарга кийим-кече, тамак-аш жеткирүүдө.

XS
SM
MD
LG