Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:19

Жаңы жыл: майрамдын эртеси да болду


Бишкек шаары. 1-январь 2015-ж.
Бишкек шаары. 1-январь 2015-ж.

Жаңы жыл майрамы бир катар шаан-шөкөт, оюн-зооктор менен коштолду. Ошол эле кезде жагымсыз окуялар жана кырсыктар да болбой койгон жок.

Дүйнө элдериндей эле кыргызстандыктар да 31-декабрдан 1-январга караган түнү Жаңы жыл тосту.

Бул түнү өлкө боюнча оор кылмыштар орун албаганы менен, түрдүү кырсыктар менен ооруканага түшкөндөр болду жана өрт кырсыктары катталды.

ИИМ: бир суткада 283 кылмыш катталды

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитовдун билдиргенине караганда, негизинен Кыргызстан боюнча майрам тынч өттү. Бир сутка ичинде өлкө боюнча 283 ар кандай кылмыштар жана окуялар катталып, алардын 237синин бети ачылган.

- Катталган кылмыштардын көбү мал уурулук, мушташуу, денесине залал келтирүү сыяктуу мыйзам бузуулар болду. Ошондой эле республиканын жолдорунда 22 жол кырсыгы катталып, 36 киши денелеринен ар кандай жаракаттарды алышкан. Майрамдык оюн-зооктор учурунда милиция кызматкерлери коомдук тартипти көзөмөлдөп турушту. Жалпы Кыргызстан боюнча ашынган тартип бузуулар, оор кылмыштар катталган жок.

Бакыт Сейитов кошумчалагандай, Бишкек, Каракол жана Ош шаарларында Жаңы жылды белгилөө үчүн борбордук аянттарда түнкү саат төрткө чейин адамдар жүрдү. Бишкек шаарында 12 миңге жакын, Ош шаарында 10 миңге жакын адам борбордук аянттарда Жаңы жылды тосушканын аталган шаарлардын мэриясынын басма сөз кызматтары билдиришти.

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов Ала-Тоо аянтында. 31-декабрь 2014-ж. фото: Нурай Марс
Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов Ала-Тоо аянтында. 31-декабрь 2014-ж. фото: Нурай Марс

Аянтка келгендер үчүн майрамдык концерт, дискотека уюштурулган. Шаардыктарды Жаңы жылы менен куттуктап, Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов жана Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев аянттарга келишкен.

Түнкү саат 12де салтка айлангандай өлкө башчысынын куттуктоосунан кийин фейерверк атылып, аянтка майрамга келген тургундарды коомдук транспорттор ташып турду. Түнкү саат 2ден баштап аянттарды тазалоо иштери башталып, Ош шаарында 8 куб, башкача айтканда 4 машине таштанды чыгарылса, Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянты 45-50 кубга чейин таштандыдан тазаланган.

Адам өмүрүн алган өрт кырсыгы

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Абдышарип Бекиловдун маалымдашынча, Куткаруу кызматы, Өрт коопсуздугу кызматы жана бардык региондордогу куткаруу топтору Жаңы жыл түнү күчөтүлгөн тартипте иштеди. Жалпы өлкө боюнча 38 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 44 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

- Катталган өрт кырсыктардын көбү жардыргыч, фейерверк жана от оюнчуктарды балдар туура эмес колдонгондон улам келип чыккан. Ошондой кырдаалда чыккан өрттүн биринен Жалал-Абадда бир адам каза болуп, Ош шаарында бир адам жабыркады. Андан сырткары материалдык чыгымдар болду.

Ош шаарындагы борбордук аянт. 31-декабрь, 2014-ж. фото: oshcity.kg
Ош шаарындагы борбордук аянт. 31-декабрь, 2014-ж. фото: oshcity.kg

Бул түнү тез жардам кызматы да эл камында болду. Бишкек шаардык тез жардам кызматына 565 кайрылуу түшүп, анын ичинен 410 чакырууга кызматкерлер жетип барышкан. Бишкек шаардык тез жардам кызматынын нөөмөттөгү дарыгери Бактыгүл Аралбаева билдиргендей, 111 киши ооруканага жаткырылган.

Кайрылуулардын көпчүлүгү жол кырсыктары, аракка уулануу, кан басымы жогорулоо жана жаш балдардын сыркоолоруна байланыштуу болгон. 31-декабрдан 1-январга караган түнү 33 бригада иштеген. Жаңы жыл түнү тез жардам кызматынын дарыгерлери өздөрү да кырсыкка кабылды. Алардын унаасы "Лексус" автомашинасы менен сүзүшкөнүн Бактыгүл Аралбаева билдирди.

- Кырсыктын кесепетинен тез жардамдын төрт кызматкеринин бири шаардык 4-ооруканага, үчөө Улуттук госпиталга жаткырылган. Учурда алардын саламаттыгы орто. Жол кырсыгы түнкү саат бирлерде Тыныстанов жана Ахунбаев көчөлөрүнүнүн кесилишинде болгон. Тез жардам унаасын сүзгөн айдоочу окуя болгон жерге унаасын таштап, качып кеткен.

Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Олжобай Казабаев “Лексус” унаасынын айдоочусунун ким экендиги аныкталганын, учурда жол кырсыгына кайсы тараптын күнөөсү бар экендиги териштирилип жатканын маалымдады.

Жаңы жыл: асманда жанган оттор

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG