Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 08:13

Эл үнү / Коом

Голландия: “Гауда” быштагынан даам татып көрүңүз

Дасторкондогу сүт азыктарынын бири - сыр - мындан 8 миң жыл мурда Түштүк-Чыгыш Азияда жаралганы айтылат. Ачытылган сүттөн жасалчу азык бүгүн Голландиянын негизги экспорттук продукцияларынын бирине айланган. Бул өлкөнүн быштагы дүйнөдө өзгөчө даамы, жасалуу ыкмасы менен бааланат. Биз адатта “Голланд сыры” деп атап жүргөн быштакты голландиялыктар өздөрү “Гауда” дешет.

Hrunendorf's farm - Hauda, Netherlands, July 2010.

Мултимедиа

Үндү жүктөө
Текст көлөмү - +
Одри Хрунендорф: "Биз кулдай иштейбиз, а бирок хандай жашайбыз"
Гауда – бул Голландиянын түштүгүндөгү шаарча. Анын тургундары сырды тээ VI-кылымдан бери жасап, салтты улам жаңы ыкма, кошулмалар менен толуктап келишүүдө.

Кабарчыбыз Төрөкул Дооров ошол шаарчага барып, кадимки сыр жасаган дыйкан-фермердин бир үй-бүлөсү менен таанышты. Кабарчыбыздын баянын угуп, “Гауда” сырынан даам татып көрүңүз.

Эйсселе жана Гоуве дарыяларынын кесилишкен жериндеги бул порттун өзгөчө токтоо, бирок жайдары мүнөзү ушул сырдын даамынан да байкалып тургансыйт.

Кылымдардан бери голланддар "Гауда" сырын жасоо ыкмасын, техникасын улам байытып, бүгүн ага райхандан тарта, жалбыз, зиреге чейин бир топ жыттуу чөптөрдү кошушат.
“Биз, гаудалык фермерлер, үчүн бул ыракат, бакубат жашоо менен айкалышкан жакшы бизнес”, - дейт бул ферманын кожейкеси Одри Хрунендорф.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Бактыгул
24.08.2010 03:40
Кулдай иштеп,хандай жашамакка биз да кыргыздар уйронсок жакшы болот эле, бирок оз жерибизде.Гауда сырын маркеттерде коруп журобуз,бирок Голландиядан алып даамын кормок башкадыр.Кудай буюрса,даамын кором.
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2315 - жалпы саны)

Аты-жөнү жазылбаган: Шаамерчемге
Менимче. эгер латын тамгасына десек, сиздин сунушка караганда кыргиз тилине 1939-жылы кийрилген латын ... Толук

Сөз таануу