Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 08:12

Дүйнө

НАТО: Орусия четте турбашы керек

НАТОнун баш-катчысы Андерс Фог Расмуссен альянска мүчө мамлекеттерде жалпы “коопсуздук калканын” куруу ишине Орусияны да кошууга чакырды. Ракетадан коргонуу системасынын курулушу жөнүндө ал ишембиде Брюсселде НАТОнун конференциясында сүйлөгөн.

Расмуссен "коопсуздук калканынын" күчү Орусиянын жообуна жараша болоорун билдирди
Текст көлөмү - +
Анын айтымында, аталган система боюнча акыркы чечим ноябрга чейин, НАТОнун келерки саммитине чейин, кабыл алынышы зарыл.

“Коопсуздук калканы”, НАТОнун башчысынын айтымында, Иран өңдүү өзөктүк амбициясы коркунуч туудура баштаган мамлекеттерден коргонуш үчүн курулат.

Атомдук бомба жомок эмес!
"Бизге альянстагы мамлекеттерди эле эмес, Орусияны да өзүнө камтыган ракетадан коргонуу системасы керек. Бул “коопсуздук калканын” биз бирге куруп, бирге колдоп, биргеликте иштетебиз. Ал баарыбызды коргойт", - деди Андерс Фог Расмуссен Брюсселдеги конференцияда.

Бул үчүн Батыштын коопсуздук альянсы өзгөрүүлөргө муктаж экенин, ал эми Орусия, эгер өз калкын атомдук бомбадан коргойм десе, чечим кабыл алышы лаазым экенин айтты. Атомдук куралдын жайылышын жана террористтик чабуулдарды ал учурдун башкы коркунучтарынан деп атады.

"Буга чейин атомдук бомбанын колдонулушу кудум жомоктогу нерседей айтылып келген болсо, азыр чындап коркунучка айланды, - деп айтты Расмуссен. - 30 ашуун мамлекетте атомдук бомбасы бар же аны жасап жатышат. Мына ушулардын көбү биздин калкыбызга, жерибизге коркунуч туудурууда".

Ошол өлкөлөрдүн ичинде өзгөчө Ирандын абалы тезинен каралышы зарыл. Анткени анда азыр Европага жана Орусияга жетчүдөй атомдук ракеталары бар.

"Ирандын өзөктүк программасынын алкагы жайчылык максаттан алда качан эле ашып кеткен, - деп ишенет НАТОнун башчысы. - Ал бир топ өзөктүк объектилерин МАГАТЭден жашырып жүрдү, дүйнөлүк коомчулук менен жашынмак ойноп, АКШ, Евробиримдик жана башкалар киргизген сунуштарды четке какты".

STARTка старт берилди

Андерс Фог Расмуссен буга чейин ракетадан коргонуу системасы боюнча АКШ менен эле Орусия баш оорутуп келишкен болсо, эми өзөктүк куралдын жайылбашы үчүн Европа да аракет көрүшү зарыл деп ишенет. Мына ушул айтылгандар боюнча акыркы чечимди ноябрда өтө турган саммитке чейин кабыл алыш керек, - деди ал.

Коопсуздук калканы баарыбызды коргойт
НАТОнун баш-катчысынын билдирүүсү АКШ менен Орусия стратегиялык куралдардын санын кыскартуу боюнча жаңы келишимге жетишкенден кийин айтылып жатат. Вашингтон менен Москванын чечимин Расмуссен колдой турганын айтты.

Орусия менен НАТОнун кызматташтыгы 2008-жылдын жайындагы орус-грузин согушунан кийин начарлап кеткен. Бирок президент Обаманын администрациясынын аракеттеринен кийин, ортодо диалог кайра жандана баштаган өңдүү. Буга Буштун доорундагы ракетадан коргонуу системасын куруу боюнча пландын бир топ өзгөртүлгөнү да себеп болду.

НАТОнун баш-катчысы өз сөзүндө ракетадан коргонуу системасын Орусия “коркунуч эмес, мүмкүнчүлүк” деп таанышын каалай турганын айтты.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: RobinguD каяктан: Turkiya
29.03.2010 00:35
Wumdugun kurgur NATO kezeginde Orusiyaga karwi kurulsa,emi Orusiya menen dos boluunuyzmattawuunu kozdop jatat.AKW korkup jatat yadroluk kuarli bar olkolordon Evropa,Orusiya emes.Korkunu4tu AKWga tuudurp jatat.Owonduktan,bul baarybyzga kalkan boluw kerek dep birimdikke 4akyryp atat.Yadroluk kuraldar koboyup ketse AKWnyn gegemoniyasina korkunu4 tuulat.Biz bolso jon gana koruu4u katary okuyalardy analizdep turabyz.Bizdin yadroluk kural ary tursun,GESibiz butpoy jatpaybi...

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)