Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 01:21

Кыргызстан

Москвада кыргыздар менен өзбектер мушташа кетишти

Дүйшөмбүдө кечинде Орусиянын борбору Москвада кыргыздар менен өзбектер мушташа кетишти. Бул туралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин юристи Алмаз Абдисяев кабарлады. Анын айтымында, мушташ учурунда бир кыргыз жараны бычакталган. Азыр ал Москвадагы ооруканада дарыланып жатат.

Текст көлөмү - +
Алмаз Абдисяев: Бизге алгач “Профсоюзная” метро станциясынын жанында кыргыз жана өзбек улутундагы адамдар урушканы жатышыптыр деген кабар 26-июлда саат 23:00 жакын түштү. Биз ошол замат ал жөнүндө аймактык милицияга кабар берип, өзүбүз да ошол жерге жетип бардык. Биз барганга чейин эле ал жерде кагылышуу болуп кетиптир. Өзбек тараптан 40дай адам 15-20дай кыргыз жарандары менен уруша кетишкен экен. Натыйжада бир кыргыз жараны бычак жеп, Москвадагы №64-оорууканага жеткирилди. Ички иштер органдарынын кызматкерлери азыр окуянын чоо-жайын иликтеп жатышат. Азырынча чырды баштаган болушу мүмкүн деген шек менен өзбек улутундагы төрт адам кармалганын билдиришти.

Төрөкул Дооров: Уруша кетишкен кыргыз жана өзбек улутундагы адамдар баары Кыргызстандын жарандары бекен же Өзбекстандын да жарандары барбы?

Алмаз Абдисяев: Биздеги маалыматтарга караганда, Максимовский проспектиндеги №63-үйдөгү курулушта кыргызстандык да, өзбекстандык да өзбек улутундагы мигранттар иштешкен. Биз окуя болгон жерге барганга чейин эле алар качып кетишкен болчу. Ошондуктан биз алардын кайсыл өлкөнүн жарандары экенин биле албадык. Ал жерде бир-эки кыргыздар менен гана жолугуша алдык. Алар урушка “өзбек улутундагылар катышты” деп гана айтышты. Бирок бул окуя боюнча милиция кармаган адамдардын баары - Өзбекстандын жарандары. Эми алардын ким экени тергөөнүн жыйынтыгында билинсе керек. Бүгүн укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жаракат алган кыргыз жаранын суракка алышты.

Төрөкул Дооров: Ошол жарадар болгон кишинин аты-жөнүн айта аласызбы?

Алмаз Абдисяев: Азырынча тергөө иштери жүрүп жаткандыктан, биз ал адамдын ысмын айта албайбыз. Бирок бир-эки күндө толук маалымат топтолгондон кийин жабыркаган адам жөнүндө да маалымат айтылса керек.

Төрөкул Дооров: Кыргызстанда кагылышуу болгондон бери Москвада кыргыздар менен өзбектер ортосунда биринчи жолу ушундай мушташ болуп жатабы же буга чейин да андай окуялар болду беле?

Алмаз Абдисяев: Жок. Бул биринчи окуя эмес. Кыргызстанда июндагы окуялар болуп кеткенден кийин Москвадагы “Казанский” вокзалында кыргыздар менен өзбектер ортосунда чыр чыккан. Бирок ал ички иштер органдарынын, элчиликтин аракети менен өз учурунда токтотулган болчу. Ошондуктан алардан эч ким жабыркаган эмес.

Төрөкул Дооров: Азыр Кыргызстандын түштүгүнөн өзбектер массалык түрдө Орусияга көчүп жатышканы айтылууда. Элчиликте бул жөнүндө маалымат барбы?

Алмаз Абдисяев: Элчиликте чекарадан канча адам өтүп жатканы жөнүндө маалымат жок. Бирок, такталбаган айрым маалыматтарга караганда, Ош-Бишкек каттамындагы автобустардагы, автоунаалардагы жүргүнчүлөрдүн басымдуу бөлүгү өзбек улутундагылар экенин угуп жатабыз. Элчиликтин өзүнө Орусиянын жарандыгын алуу үчүн арыз бергендердин саны көбөйгөнү байкалып жатат.

Төрөкул Дооров: Канчага көбөйдү?

Алмаз Абдисяев: Мен азыр так цифраларды айта албайм. Бирок, Кыргызстандагы башаламан окуялар башталганга чейинки мезгилге караганда, азыр арыз бергендердин саны өстү.

Төрөкул Дооров: Орусиянын жарандыгын алам деп арыз бергендердин көбү өзбек улутундагылар экени чынбы?

Алмаз Абдисяев: Ооба. Биз алардын документтерин консулдук каттоого коердо туулгандыгы жөнүндө күбөлүгүнөн бери баардык кагаздарын текшеребиз. Ошонун негизинде байкалгандай, чынында эле, жарандык үчүн арыз бергендердин көпчүлүгү - өзбектер.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: мигрант москвич каяктан: москва
30.07.2010 16:54
che:
Москвада консультвонун жанына барып мага консульский учет(ПМЖ) десен любою келип "срочный 4600руб.3 кундо бутот,несрочный 2500руб. 1жумада бутот" деп жооп берет.
Лично ушул юрист Алмазга кирсенер ошондой жооп угасынар!!!!
Биздин посольства менен консульство бир жайланышкан,алдына барсан Бишкектеги Ош базарына баргандай болосун!!!!
Консульстводо иштегендердин бири да жардам берейин дебейт,кайра "личний проблема,башымды оорутуп некылам деп коюшат"
Ана ушундай биздин дипломаттар иш алып барышат!!!!!!!!!!!!!

кимден: Толкунбай каяктан: Накта Москва
29.07.2010 22:55
Москвадагы консульстводо баш аламандык ото коп.Охрана деп коюп койгондорунунан баштап баары пара алышат.Ал жерде иштегендер оз иштерин кылбай эле посредник болуп иштейби деген ой келет. Балык башынан сасыганга жол бербей озубузду качан ондойбуз жердештеримм????

кимден: Nurgul каяктан: Kitai
29.07.2010 20:56
Bizdin okmot konsulstvodo ishtegenderdi ozgocho kongyl burup alardyn ishin teksherip tursa. Negizi el osholorgo karshy meetingke chyksa bash otum menen koshulat elem. Sabatcyz , bizdin jep ichken paidasy jok deputattardyn kyz baldary.

кимден: Кычан каяктан: москва
29.07.2010 13:19
По словам источника, прибывшие на место милиционеры задержали двоих граждан Кыргызстана и троих - Узбекистана. В УВД побывал представитель киргизского посольства, который провел с задержанными беседу.

После составления протоколов задержанных отпустили.фергана.ру . кроме наших спиногрызов все знают только они ничего не знают

кимден: Или каяктан: Бишкек
29.07.2010 09:28
ужас!!!!укмуш кордук корсотушот турбайбы, ботон эл ботон жерде журушот колдон келишинче жардам берели дешпейт турбайбы.Аяктагы эл жыргаганынан ал жерде жургонсуп.Озубуздун мекенибизде ушундай иштерди кылышат, баш оту менен коррупцияга чомулгон, Россияда кудай берди да.

кимден: Make каяктан: Чет жак
29.07.2010 09:27
Бир жолу элчиликтин конок уйундо жатууга мажбур болдум. Ал жакка жатуу учун паспорттун копиясын беруу керек. Паспорттун копиясын кайдан кылса болот, деп сурасам, консульстводон кылса болот дешти. Консульстводон паспорттун копиясын (бир барак) кылыш учун 10 рубль (15 сом) алышты, унчуккан жокмун, бирдемке десем башка жакка барып жаса дешмек. Баса мен ал кезде окмотто (бир министирликте) иштечумун. Комнатанын ачкычын алып, комнатама бардым. Кирсем, бироонун киймдери жана сумкасы туруптур. Регистратурага барып айтсам, башка бош комнаталар жок ошол жакка барып экинчи киребетине жат дешти, бирок акчаны алышканда толук комнатанын наркын алышкан, жана менин кошунам туралуу эч нерсе айтышкан эмес. Мага чон сюрприз болгон, мындай сволучторду коргон эмесмин! Барып ачкычтын таштадым да, башка нормальный, кымбат болсо дагы, гостиницага барып жаттым.

кимден: Баатыр каяктан: Москва
29.07.2010 03:33
Урматтуу Тышкы иштер министри!
Урматтуу РФдагы элчи!
Силердин ким экениңерди, шернедеги пикирлер аныктап турат.Аналитикалык борборуңар барбы? Москвадагы элчиликтин алдындагы корооунардагы пул топтоочу үйдү алыпсыңар.Ким курган,кимдер үчүн иштеген,ким башкарган, акчасы кайда????....
Урматтуу Чыналиев!
Териштирип, массалык маалымат каражаттарына маалымдап койсоңуз Элдин батасын алат элеңиз!

кимден: Салмал каяктан: Москва
29.07.2010 02:14
москвада Максимовский проспект деген кочо жок тагыраак айтканда нахимовский проспект болсо керек. Жабырлануучу кыргыз болгондон кийин ага жардам беруу керек. элчилик колдон келишинче жардам берсин кыргыздар да чекеде турбайт. Бул жерде мындан кийин да улануусуна жол бербоо биздин милдет жана ал учун курошобуз.Тушунугу жок адамдар уруштарга жолберип жатат

кимден: che
28.07.2010 16:58
Азыр посол Чыналиев болуп калбадыбы!Эми элчилик онолор бекен?Бул киши озу профессионал,бирок,менимче кыргызчаны,кыргыздардын урп-адатын жакшы билбейт...Кызык,элчиликте кандайча пара алышат,кандай иштер учун?Мисалы,консулдук учет койуш учун озунун тарифи бар го.Ошол пара алгандар туралуу жазгылачы.Кимдин ким экенин эл билсин...

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
28.07.2010 16:12
Kyrgyz eli ozu abdan kechirimduu, aikol el ekenbiz da. Bolboso kanchalagan jalgan maalymattar menen bizdi karalashty. biroo kynk etken jok. Dagy ozubuzdu kunoolop oturabyz. Ketkender emi oz jashoo-tirichiligi uchun ketip jatyshkandyr. Emne kylyp karmap kalmak elek?
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)